Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Талас облусуМанас району 01.06.2018 13:20

Таласта аткезчилик жол менен күйүүчү май алып келе жаткан 3 адам кармалды

Turmush -  Бүгүн, 1-июнда Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара бекетинде аткезчилик жол менен күйүүчү май алып келе жаткан адамдар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, чек арачылар кармаган 3 адамдын жанында жүккө тиешелүү документтер жок болуп чыккан. Алар «Фольксваген Пассат» жана «Форд Транзит» үлгүсүндөгү унаалар менен желим бачокторго куюлган 2040 литр бензинди алып өтүүгө аракет кылышкан. Кармалгандар ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×