Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Талас

Бакай-Ата райондук аялдар кеңеши жаңы төрайымын шайлады (фото)

Turmush -  Бакай-Ата райондук аялдар кеңеши кечээ, 5-июнда конференцияга чогулду, деп билдиришти райондук администрациядан. Жыйында коомдогу активист аялдарды колдоо менен лидерликти өздөштүрүү, үч жашка чейинки балдарга тарбия берүү жана Аймактарды өнүктүрүү жылына карата элеттеги туризмди өнүктүрүү багытындагы маселелер ортого салынды.

Катышуучулар аталган темаларда пикирлерин айтып, ошондой эле райондук аялдар кеңешинин төрайымын шайлоо үчүн добуш беришти. Ал эми райондук аялдар кеңешинин төрайымы жашыруун добуш менен 2 жылга шайланат. Мурунку төрайымдын иш жүргүзүү мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жаңы талапкерлер өз программасын тааныштырып, жашыруун добушка коюлду.

Жыйынтыгында 3 талапкерге 154 аял добуш берип, алардын ичинен 86 добуш менен жеңишке жеткен Надира Сыдыгалиева Бакай-Ата райондук аялдар кеңешинин төрайымы болуп шайланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 893
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×