Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Талас облусу 06.06.2018 17:50

Мекендештер: Россияда спорттун бир нече түрү менен машыккан Максат Каратаев 20 медалдын ээси

Turmush -  Талас районундагы Кум-Арык айылында төрөлгөн 20 жаштагы Максат Каратаев Россиянын Оренбург шаарында В.Н.Бевзюка атындагы автотранспорт колледжинде 4-курста билим алып жатат. Ошондой эле ал спорттун бир нече түрү менен машыгууга жетишет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында Россияга 6-классында ата-энеси менен көчүп кеткен.

«Мен бул жакка 11 жашымда келгем. Ага чейин Талас районунун Кум-Арык айылындагы мектепте окудум. Россияга келгенден кийин атамдын демилгеси менен спорттун кармашып урушуу түрү боюнча машыга баштап, 4 жыл ичинде 20 чакты медалдын, бир нече кубоктун ээси болдум. Кийин 15 жашымдан тарта эркин күрөш менен машыга баштадым. Өзүм кичине кезимде эле эркин күрөшкө кызыкчумун. Ал учурда өтө тентек болгонумдан өзүмдөн чоң балдарды да сабап койчу элем.

Машыгып баштаганыма 2-3 күн болгондо эле мелдештерге чыккам, бирок Россияда жылына 5-6 гана мелдеш өтөт. Алгачкы жеңишим облус ичинен өспүрүмдөр арасында өткөн турнирде 3-орунду ээлегеним болду. Андан кийин дагы мелдештерге чыга баштадым.

Машыгуу залына күнүнө 2 саат убакыт бөлөм. Мелдештерде 71 кг салмакта чыгып, эркин күрөштөн тышкары грек-рим күрөшү менен машып, самбого катышып жатам. Алдыда эркин күрөш боюнча спорт чеберин алууга даярдануудамын.

Келечекте Кыргызстанга барып, Азия жана дүйнө чемпиондорун машыктырсам деген максатым бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×