Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Талас

Кайнатама жүгүнөм деп артынан жүгүрчүмүн, - Гүлнура жеңе (фото)

Turmush -  Манас районундагы Нылды айылынын 32 жаштагы тургуну Гүлнура Ишенбекова келиндик милдеттерин толук аткарууга аракет кылат. Анын мындай адаты жаңы келин болуп келгенде эле башталган. Ал эми ашканада өспүрүм кайын сиңдиси чоң жардамчы болгон.

Аймактык кабарчыга билдиргендей, Гүлнура жеңе Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын кызы. 2006-жылы таластык 34 жаштагы Үркүнбаев Самидин менен турмуш жолуна аттанышкан.

«Өзүм Көлдүн кызы болгонум менен ата-энемдин жумушуна байланыштуу Талас шаарында жашап калдык. Орто мектепти, жогорку окуу жайды да Таластан бүтүргөм. Андан соң өзүбүздүн өскөн жерге көчүп кеткенбиз. Кесибим боюнча мугалиммин. Музыка сабагын окутуп, башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенип жатам.

Студент кезде волейбол ойноп, мелдештерге катышып келчүбүз. Биздин топто жолдошумдун классташтары да ойночу. Жолдошум менен ошол классташы аркылуу таанышып калгам. Бири-бирибизди жактырдык окшойт, экөөбүз 1 жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Ал убакытта чөнтөк телефон жок болгондуктан үй телефону менен сүйлөшүп, сүйүүсүн дагы ошол телефон менен билдирип, менин макулдугумду алган. Келин болуп келип, ак жоолук салынган өзүнчө бакыт. Ал эми жүгүнүү өзүнчө рахат (күлүп).

Мен келин болуп келгенде эртең менен эрте ойгонуп, атам менен апама жүгүнчүмүн. Кайнатам жоош, уялчаак болгондуктан, мени көрөр заман ары-бери басып кетчү. Мен болсо кайнатама жүгүнмөйүнчө кыжаалат болуп, артынан калбай аңдып отуруп, акыры жүгүнчүмүн. Мындай учур көп убакытка чейин кайталанып жүрдү.

Албетте, алгач чочун үйгө көнүп кетүү кыйын болот. Ар бир үй-бүлөнүн тамак-ашында да айырма бар. Мен көбүнчө камыр жууруп, камыр тамак жасоодон кыйналдым. Көп жумушту Нурай деген кайын сиңдимден үйрөнгөм. Ал ошол убакта 7-класстын окуучусу болчу.

Бир күнү жолдошум тоок союп, тамак бышыргыла деп калды. Кайынсиңдим тоок союп, "эми ичеги-карынын тазалоо керек" десе, мен койдун ичегисиндей ойлоп, "эми кантип кичинекей ичегини тазалайм" деп уят болгом. Акыры кайын сиңдимден үйрөнүп, тоок союп, тамак жасап калдым.

Өзүм шайырмын. Жолдошум экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош, бат жинибиз келет, бирок бат эле жазылып кетебиз. Экөөбүз тең кызганчаакпыз, бирок эби менен кызганабыз. Жолдошум "башка аялдардай болуп кир жууп жатканда чөнтөк аңтарып, акчаны алып коймой адатың жок. Бул мүнөзүң мага аябай жагат" деп калат. Ал менин кандай сапаттарымды баалай турганын билбейм, ашыкча мактабайт (күлүп )», - деди Гүлнура жеңе.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 554
Көп окулду
×