Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 09.06.2018 15:14

Көк-Сайдагы катуу шамал мектепке 130 миң сомдук чыгым алып келди (фото)

Turmush -  Таластагы Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл аймагындагы катуу шамалдын кесепеттери такталды. ӨКМдин бүгүн, 9-июндагы маалыматы боюнча, болжолдуу материалдык чыгым 130 миң 550 сомду түзгөн.

Кечээ, 8-июнда саат 10:00 - 11:00 чамасында Көк-Сай айыл аймагында ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болгон. Анын кесепетинен Көк-Сай айылындагы А.Токтокожоев атындагы орто мектебинин чатырын жараксыз абалга келген эле. Андан башка турак жайлар жана имараттар жабыркаган эмес.

Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, болжолдуу чыгымдын суммасын аташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×