Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Талас облусуМанас району 11.06.2018 10:31

Акыркы суткада өлкө аймагында 7 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 7 бөлүм жөнөтүлгөн, деп билдирди бүгүн, 11-июнда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Таластагы Манас районунун аймагындагы Талас–Тараз унаа жолунун 15-чакырымында жолдун жээгинде 1 гектардагы куураган чөп өрттөндү. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айылындагы Чапкындык көчөсүндө жайгашкан сарайда өрт чыкты. Анын кесепетинен 30 чарчы метр чатыры жана чөп күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×