Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Талас

Айыл турмушу: Таластык Чилен апа жасаган боз үйлөр, шырдактар Түркияга чейин сатылат (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылынын 78 жаштагы тургуну Береналиева Чилен апа жасаган боз үй, шырдактарды Түркияга чейин алып кетишет. Аймактык кабарчы чебер ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Арал айылында туулган. Кийин Көк-Кашат айылына келин болуп келген. Учурда абышкасынын көзү өтүп кеткен.

«Өзүмдүн апам колунан көрү төгүлгөн уз болгон экен. Бирок 3 жашымда эле каза болуп, мен бакма энемдин колунда чоңойдум. Ал кишинин кол өнөрчүлүгү жок болчу. Бирок өзүм бир нерсе көрсөм жасагым келип, көрүп эле тиге берчүмүн. Коңшуларым менен биригип, шырдактардын түрүн жасачубуз. Кийинчерээк боз үй көтөрө баштадым. Биринчи 6 канат боз үйдү Манас атабыздын 1000 жылдыгында көтөрдүм. Ал Талас районунун атынан тигилип, «Кызыктыруучу боз үй» деген наам алып, 5 миң сом сыйлык алганбыз. Ал учурда 5 миң сомго 5 жылкы келчү. Кийин Түркиядан буйрутма түшүп, 7 канат боз үй жасадым. Андай буйрутмалар Кыргызстандын ар аймактарынан келип жатты. Орточо эсеп менен боз үйлөрүм 150-200 миң сомдон сатылды. Убакыт өткөн сайын көздүн көрүүсү начарлап, колдоруң мурдагыдай болбой баштайт экен. Кийин шырдак жасай баштадым. Шырдактарыма Түркиядан буйрутмалар көп келет. Алар 8 миң сомдон сатылат. Кыл аркандарды болсо топоздун жүнүнөн эшем. 3 жипти кабаттап чыйратам. Козунун терисинен жасалган көлдөлөңдөр 4 миң сомдон сатылат.

Учурда Көчмөндөр оюндарына даярданып жатам. Жыл сайын жайлоого барып, ошол жактан жүн менен иштеп келем. Буйруса орозо аяктаганда жайлоого кетем», - деди ал.

Чилен апа 4 уул, 3 кызды өстүргөн.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 430
Көп окулду
×