Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Талас

Таластагы базардын жанындагы Манас көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат

Turmush -  Талас шаарындагы борбордук базардын жанындагы Манас көчөсүн асфальттоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Талас шаарынын биринчи вице-мэри Дамирбек Курманалиев билдирди.

Анын айтымында, бул иштер европалык банктын «Талас шаарынын таза суу жана канализация түйүндөрүн реабилитациялоо» долборунун негизинде аткарылып жатат. Долбоор боюнча 23840 таза суу түйүнү курулуп, бүтүү алдында турат. Азыр Талас шаарында 7450 метр канализация түйүнү курулуп бүтүп, колдонулууда. Долбоордун алкагында таза суу кирген түйүндөр жайгашкан жолдорду оңдоп-түздөө каралган.

«Бүгүнкү күндө бул долбоордун алкагында бузулган жолдорду кайра калыбына келтирүү иштери Ч.Сатаев, Манас, А.Оторбаев, А.Турдалиев көчөлөрүндө жүрүп жатат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 883
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×