Бөлүмдөр
Жума, 22-июнь
Талас

Таласта электр тогуна байланышкан кырсыктан улам айрымдардын үй буюмдары күйүп кетти (фото)

Turmush -  Бүгүн, 14-июнда Талас шаарында Манас жана И.Сарыгулов көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйдүн жанында электр тогуна байланышкан кырсыктан тургундар чыгымга учурады.

Аталган жердеги №77 үйдүн жетекчиси Айнаш Кенебаеванын айтымында, саат 10:15 чамасында үйдүн алдында лоток куруу иштери жүрүп жаткан. Ал жерде кран асма чубалгыларга тийип кетип, электр тогу өрттөндү (замыкание).

«Биздин үйдөгү батирлердин айрым тургундары «вайфай, муздаткыч, сыналгым, компьютерим күйдү» деп чуркап чыгып жатышты. Үзүлгөн зым эшиктин алдындагы унаалардын биринин тетигин күйгүзүп кетти. Кудай жалгап балдар аман-эсен», - деди ал.

Манас көчөсүндөгү №116 үйдүн тургуну Руслан Дүйшөбаевдин айтымында, унаасынын үстүнө электр мамычасы кулап түштү.

«Менин унаамдын үстүнө электр мамычасы түштү. Бул иштеп жаткан фирманын кайдыгерлиги. Курулушту баштардан 1 күн мурун «унааны алгыла» деш керек эле. Ичинде отурган болсок эмне болмок? Бул жерде 103-үйдөгү кошунабыздын баласы ошол учурда эшигин ачып жиберсе, эшиги электр шитке жабышып калган экен», - деди Дүйшөбаев.

Аталган аймакта лоток салып жаткан жеке ишкананын жетекчиси Кенжебек Жаныбековдун айтымында, кырсыктан келтирилген зыяндар электр жарыгы күйгүзүлгөндөн кийин билинет.

«Бизде жумуш учурунда кырсык болду. Иштеп жаткан кран электр чубалгысына тийип кетип, өрт (замыкание) чыкты. Кесепеттери электр тогун күйгүзгөндө билинет», - деди ал.

Талас шаардык электр тейлөө ишканасынын өкүлү Нурдин Султаналиевдин айтымында, учурда электр зымын оңдоо иштери жүрүп жатат.

«Кран иштеп жатканда айдоочу аба чубалгысын көрбөй калган. Ага тийип кеткенде зымдар үзүлгөн. Учурда көп кабаттуу үйлөрдөн үй тиричилик техникалары күйүп кетти деп нааразычылыктар түшүп жатат. Биз учурда оңдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Электр берилген соң үйлөрүнө барып текшерип беребиз», - деди Султаналиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 853
Көп окулду
×