Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Талас облусуМанас району 19.06.2018 14:50

Манас районундагы чек арадан документи жок чет элдик жаран кармалды

Turmush -  Манас районунун Жайылган аймагындагы кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган казакстандык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, Казакстандын 1987-жылы туулган тургуну Б.М., Кыргызстандын аймагына «Чоң-Капка» чек ара пунктунан башка жердеги тосмону аттап өтүүгө аракет кылган. Ал паспортунун жарактуу мөөнөтү аяктап калгандыктан чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандыгын айткан. Кармалган адам УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×