Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуМанас району 25.06.2018 08:10

Манаста мектеп бүтүрүүчүсү сууга чөгүп каза болду

Turmush -  Манас районундагы Кара-Арча орто мектебинин бүтүрүүчүсү сууга чөгүп каза болду. Булактардын айтымында, окуя 23-июнда саат 15:30-16:00 чамасында болгон.

«Биз бала сууга чөккөн жерге барганда саат 18:00 чамасы эле. Ал жерде Кара-Арча айылындагы орто мектептин 6 бүтүрүүчүсү эс алууга барыптыр. Биз барганда 5 бүтүрүүчү классташы сууга чөккөн жерди көрсөтүштү. Ал жер Кайыңды айыл аймагында жайгашкан Катыраңкы деген суу. Ал суу сактагычка элдер көп барат», - деди күбө.

Бул маалыматты Талас ОИИИБдин басма сөз кызматы тастыктады. Маалым болгондой, сууга чөккөн бала Кара-Арча айылынын 18 жаштагы тургуну болгон. Ошол күнү түштөн кийин достору менен сууга кетишкен эле.

Учурда бул окуя боюнча Манас РИИБ текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×