Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусуМанас району 27.06.2018 13:15 Жаңыланды: 27.06.2018 18:56 На русском

Сүйүү улут тандабайт: Вице-мэрге жубай болгон корей кызы Ольга ислам динин кабыл алып, орозо кармап келет (фото)

Turmush -  Талас шаарынын вице-мэри Дамирбек Курманалиев 37 жаштагы жубайы, корей кызы Ольга Ким менен үй-бүлө куруп жашап жатканына быйыл 16 жыл болду. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Казакстандын Жамбыл облусунда чоңойгон. Кесиби боюнча экономист. 37 жаштагы жолдошу Манас районундагы Кызыл-Жылдыз айылынан болот. Учурда 3 баланы тарбиялап жатышат.

«2000-жылы окууну аяктаган соң, таежем менен бирге Бишкек шаарына иштегени келдим. Эжем базарлардын биринде кийим сатуучу болуп иштечү. Болочок жолдошум ал жерге кардар катары барганда таанышып калдык. Кийин эжемден уруксат сурап, мени сейилдөөгө чакырды. Ошентип сүйлөшүп жүрүп, 1 жылдан кийин баш коштук», - дейт Ольга Ким.

Ал ата-энесинин каршы болгонуна карабай, бактысы үчүн күрөшкөнүн айтат.

«Мен турмушка чыкканга чейин эки элдин айырмачылыктары жөнүндө такыр ойлонбоптурмун. Мен тааныган кыргыз аялдар мага «Таласта салтты катуу кармашат», деп айтып калышчу. Мен каада-салтта кыйынчылыктар болот деп ойлонбостон, бактылуулук үчүн күрөшүү керек деген пикирде болгом жана болочок жолдошум катары Дамирди көрчүмүн. Ата-энем башында каршы болушту. Качан гана Дамир менен таанышып, сүйлөшкөн соң жактырышып, макул болушкан. Эң кызыгы менин жана жолдошумдун дагы ата-тегинде башка улуттан келин алып, кыз берүү деген болгон эмес экен. Биз үйлөнгөндө эки тарап чоочулашкан. Бирок биз үй-бүлө түптөп, жакшы жашап кеткенден кийин менин бир тууган агам дагы кыргыз кызына үйлөндү. Жеңем Нарындан болот», - деди ал.

Ольга жеңе ислам динин кабыл алып, жолдошу менен бирге орозо кармап келе жатканын белгиледи.

«Той кыргыздын каада-салттары менен өткөн. Башында келин жүгүнөт дегенди билген эмесмин. Айтышса дагы түшүнгөн жокмун. Апамдар көрсөтүшкөндөн кийин жүгүнгөндү үйрөндүм. Тойдо оозума май салып, өпкө чабуу салтын кылышкан. Нике кыйылганга чейин ислам динин кабыл алып, келме келтиргем.

Кыргыздарда коноктор келгенде келин ылдый жакта отуруп, чай куюп, конокторго «чай ичкиле» деп айтып туруу керек экен. Корейлерде андай жок. Жаңы келгенде ким чынысын сунса, ошого чай куюп берип отургам. Коноктор кеткенден кийин жолдошум сын-пикир айткан. Эми бул салтка дагы көнүп калгандыктан төркүнүмө барганда дагы «чай ичкиле» деп айта берем. Алар күлүп калышат. Башында бөтөн элге келин болуп келгенде кыйынчылык болгон. Азыр бардыгы жакын тууган болуп калды. Акыркы 5 жылдан бери жолдошум менен чогуу орозо кармап жатам. Ислам динин кенен тааныш үчүн китептерди окуп изденем», - деди ал.

Азыр корей жеңенин кайын журту анын жасаган бешбармагын мактап жешет.

«Биз Казакстанда жашагандыктан, ал жакта дагы бешбармак жана чучук жасачубуз. Ошондуктан Таласка келин болуп келгенде бешбармак жасоодон кыйналган жокмун. Өзүмдүн апам бешбармакты жакшы жасайт. Колго чучук жасап, конокторго деп сактап койчу. Өзүбүздүн үй-бүлөбүздө дагы жумасына 1 жолу бешбармак жасалчу. Кайын журтум дагы Ольганын бешбармагы деп мактап жешет», - деди ал.

Жолдошу Дамирбек Курманалиевдин айтымында, Ольга жеңе менен сүйлөшүп жүргөндө анын таежеси каршы болуп, «кыргыз корей кызына үйлөнбөйт, сүйлөшпөгүлө» деп тыюу салган.

«Мен анда Ольганын таежесине барып, «Мен Ольгага үйлөнөм» деп айттым. Кийин ата-энеме телефон чалып, келе жаткан жумада келин алып барарымды жана ал корей кызы экендигин айткам. Алар дагы башында каршы болушкан. Мен аларга эң үлгүлүү үй-бүлө болорубузга сөз бергем. Себеби болочок жубайымды абдан жакшы көрчүмүн. Аны жоготуп алуудан абдан коркком. Ольганын ата-энеси дагы каршы болушкан. Кийин мени Таразга таанышууга чакырышты. Мен барганда «кантип жашайсыңар?» деген сыяктуу суроолор болгон. Кыргыз салты менен үйлөнөрүмдү жана ак жоолук салып алып кетеримди айткам.

Кийин кыргыздын салты боюнча ата-энем менен алдына түшүп барып, Ольганы алып келдик. Ал ислам динин кабыл алгандан кийин нике кыйылды. Корей элинде кызга калың берилбейт экен. Ата-энеси «кызым эмнени кааласа ошонусун алып берсин» деп айтышкан. Ошентип жалпы белектердин баасы 2 миң доллар болгон.

Ата-энем менин кайын журтума барганда алар бешбармак жасап, жакшы тосуп алышат. 16 жылдан бери жакшы жашап келебиз. Жубайым чынчыл, ашыкча сөздөргө кошулбайт, туугандарымды, ата-энемди сыйлап турат. Эң башкысы менин сүйүктүү жарым. 3 балалуу болдук. Улуу кызым Камила 2003-жылы, кийинки уулум Бекхан 2008-жылы жана кичүү уулум Эмирхан 2012-жылы төрөлдү», - деди жолдошу.

Д.Курманалиев 2017-жылдын декабрь айынан бери Талас шаарынын вице-мэри кызматын аркалап келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
1
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×