Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Талас

Айыл турмушу: 36 жылдан бери директор болуп иштеген К.Мамбеталиев жубайы экөө тогуз коргоол боюнча чемпион болушту (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылындагы В.Ленин атындагы мектептин директору Курманбек Мамбеталиевдин жубайы тогуз коргоол боюнча бир нече мелдештин чемпиону. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жогорку окуу жайдан 1977-жылы немис тилчи мугалим адистигине ээ болуп чыккан. 36 жылдан бери элеттеги мектепте директор болуп эмгектенип келе жатат.

«1982-жылдан баштап өзүм окуп бүтүргөн В.И.Ленин орто мектебинде директор болуп иштеп келем. Жыл сайын спорт боюнча облустук олимпиада өтөт. Мугалимдердин бардык жагы жакшы болуп келип, тогуз коргоол оюнуна келгенде дайыма 0 упай алып калышат. Бул оюндан дайыма жогорку зонадагы райондун мектептери биринчиликти алып кетишет экен. Бул мага аябай кызык болду. Бул кандай оюн болду экен деп өзүм изилдеп, үйрөнүп, окуп баштадым. Бир агай билем дегенинен андан бир аз жардам сурагам. Ал эми 2007-жылы облуста тогуз коргоол федерациясынын жетекчиси болдум. Мектепке ийрим ачып, окуучуларды райондук, облустук мелдештерге даярдап баштадым. Ал жакта калыстар тобунун мүчөсү болдум. Балдар менен Ысык-Көл, Бишкек, Ош облустарында өткөн турнирлерге катышып, алдыңкы орунду алганбыз. Тогуз коргоолду колго алгандан кийин бул менин хоббиме айланды. Жубайым дагы тогуз коргоол боюнча аялдар арасында өткөн республикалык турнирден чемпион болгон. Ал дагы бул оюн тууралуу такыр билчү эмес. Аны өзүм даярдап, үйрөтүп алып чыктым.

2011-жылы Казакстанда тогуз кумалак боюнча үй-бүлөлүк мелдешке жубайым экөөбүз катышып, Казакстанда чемпион болдук. 1 жылдан соң Кыргызстанда биринчи жолу тогуз коргоол боюнча республикалык үй-бүлөлүк мелдеш уюштурулду. Кыргызстандын ар кайсы булуң-бурчунан келген үй-бүлөлөр катышты. Биз аялым экөөбүз катышып, өлкө боюнча туңгуч чемпион жубайлар болдук.

2015-жылы Республиканын федерациясынан тогуз коргоол боюнча Кыргызстандын курама командасына кошулууга сунуш келди. Ал убакта тогуз коргоол аябай өнүгүп, дүйнөлүк аренага чейин чыгып калган. Бул олимпиада Европада болду. Жубайым экөөбүз 2-орунду багындырдык. Быйыл Астанада өткөн дүйнө чемпионатында окуучуларым коло медаль тагынып келишти. Эми Эльдар деген окуучум июль айында өтүүчү Азия чемпионатына даядык көрүп жатат», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 659
Көп окулду
×