Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 29.06.2018 16:00

Видео — Таласта алтын чайкаган компания элдин талабы менен ишин токтотуп, техникаларын чыгарып кетти

Turmush -  Бүгүн, 29-июнда Бакай-Ата районунун Үрмарал өзөнүндө алтын чайкап жаткан «Полюс Голд Кей Джи» компаниясы техникаларын чыгарып кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин айтымында, аталган компаниянын иши убактылуу токтотулду. Ага элдик жыйындар өтпөгөндүктөн эл ичинде маалыматтын жоктугу, түшүндүрүү иштери болбогондугу жана Ак-Дөбө айыл өкмөтү чечимин жокко чыгаргандыгы себеп болду. Бул компанияда учурда тиешелүү органдар тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Алар бир нече бактарды уруксатсыз кыйышкан. Андыктан Мамэкотехинспекция, суунун абалын аныктоо үчүн санэпидемстанция текшерүү жүргүзүүдө. Бул компания тиешелүү этаптардан өткөн соң маселе мыйзам жолу менен чечилет.

Үрмарал аймагы жайгашкан Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Жамалбек Орозбаевдин айтымында, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин протоколдук тапшырмасынын негизинде бул жерде иш толугу менен токтотулуп, компаниянын техникалары чыгып кетти. Бул жерде тиешелүү органдардан 35 адамдан турган комиссиялык топ түзүлгөн. Ар бири өзүнө милдеттүү жерлерди текшерүүдө.

«Польюс голд кей джи» компаниясынын өкүлү Нурбол Шырдаковдун айтымында, бул жерди иштетүү боюнча укукту 2017-жылы алган.

«Биз 2017-жылы аукциондон утуп алганбыз. Ошол эле жылы чалгындоо иштери башталган. Бүгүнкү күндө чалгындоо иштери аягына чыгууда. Биз долбоордо көрсөтүлгөн этаптар менен иш алып барып жатабыз. Бул жерде эч кандай уулуу зат колдонулбайт. Сууга кум гана эленет. Кечээ күнү Акназаров айылында жыйын өттү. Ал жыйында «техникаларды чыгаргыла» деген чечим болду. Эмне максатта экендигин билбейм. Биз тиешелүү документтер менен 8 министрликтен уруксат кагаздарын алганбыз. Алар колубузда турат. Элдин талабы менен эле техникаларды чыгарууну талап кылышты. Себебин билбейм. Мына азыр шашылыш техникаларды чыгарып бара жатабыз. Жалпы 2 экскаватор, 2 жүктөгүч, 3 «Хова» бар болчу», - деди ал.

Окуя тууралуу:

27-июнда Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн тургундары Үрмарал өзөнүнөн алтын чайкалып жатканына нааразы болуп чыгышкан.

Маалым болгондой, нааразычылык акциясына болжол менен 100гө чукул адам чогулган болчу.

«Үрмарал өзөнүнөн эл суу ичет. Сууга химикат кошулуп, элдин ден соолугуна зыян болуп жатат», - деген тургундар.

Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Тынысовдун айтымында, алтын чайкоочу компания ушул жылдын 22-майында ишке киришкен. Айыл депутаттары компаниянын иштешине макулдугун беришкен.

Нааразычылык акцияга чыккан тургундар өкмөттүн облустагы өкүлүн жана алтын чайкоочу компаниянын иштешине макулдук берген документке кол койгон жергиликтүү кеңештин депутаттарынын келишин талап кылышкан.

Айыл өкмөт башчы кечээ кечинде облус башчысы аталган компания ишин токтоткондугун айткандыгын кошумчалаган.
Андан кийин:
Эртеси 28-июнда Бакай-Ата районунун Акназаров айылы өкмөтүндө Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев, Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары Азиз Сапаралиев катышкан жыйын өтүп, анда аймакта алтын өндүргөн «Полюс Голд Кей Джи» компаниясынын иши талкууланган.

Ага 200дөн ашык адам келип, алтын казган компания жөнүндө суроолор берилип, жооптор алынган.

Компаниянын Бакай-Ата районундагы өкүлү Нурбол Шырдакбаевдин айтымында, алар кен казууга лицензияны аукциондон утуп алышкан.

«Биз эч кимди алдаган жокпуз. Биз жөн эле көчөдөн келип казып жаткан жерибиз жок. Аукциондо 4 компаниянын ичинен биз утуп алганбыз. Бул жерде «посыпной» алтын өндүрүлөт. Ага уулуу зат колдонулбайт», - деген ал.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев аталган компаниянын иши убактылуу токтотулуп, техникалары чыгарылсын деген чечим чыккандыгын билдирген. Мындай чечимдин чыгышына аталган аймакта жашаган элге компания тарабынан маалымат берилбегендиги себеп болду. Бир дагы элдик жыйын өткөрүлбөй, көпчүлүктүн нааразычылыгы жаралган. Эми тиешелүү органдар компаниянын документтерин текшерүүдөн өткөрөт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×