Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Талас облусуМанас району 02.07.2018 13:41

Манастын 1-Май айыл өкмөтүндө 2 имарат оңдолууда

Turmush -  Манас районунун 1-Май айыл өкмөтүнүн имараты оңдолуп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Кубанычбек Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттүн имараты 1982-жылы курулган. Андан бери бир дагы жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

«Бүгүнкү күндө дем берүүчү гранттын эсебинен айыл өкмөттө 2 объект — айыл өкмөттүн имараты жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты оңдолуп жатат. Айыл өкмөттүн имаратына жалпы 1 млн 800 миң сом каралып, анын 300 миң сому өздүк салым болду. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 2 млн 400 миң сом бөлүнүп, анын 450 миң сому айыл өкмөттүн өздүк салымы болуп эсептелет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
35.93% (166)
«РСК Банк»
32.47% (150)
«Банк Компаньон»
10.82% (50)
...
Всего голосов: 462
×