Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуМанас району 03.07.2018 09:32

Манас району Талас облусундагы «Таза район» наамын алды

Turmush -  Талас облусундагы жашылдандыруунун 3 айлыгынын жыйынтыгында Манас району «Таза район» наамын алды. Бул тууралуу Талас облусунун жетекчилигинин аппарат башчысы Ырсахун Кулушев билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн атайын буйругу менен Талас облусунун аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо иштерин аткаруу боюнча 3 айлык жарыяланган. Облус аймагында 11 жолу ишембиликтер өткөрүлүп, ага 53839 адам катышты. 3 айлыктын алкагында 30302,7 миң сомдук иштер жасалды. Көрктөндүрүү, жашылдандыруу багытында 442303 түп көчөт отургузулган.

Ошондой эле 39 сейил бак тазаланып, жаңы көчөттөр тигилди. 138,5 км узундуктагы ички жолдор жана тротуарлар оңдолду. 108,1 км узундуктагы жолдун бойлоруна түнкү чырактар орнотулган. 1494,1 км узундуктагы арыктар тазаланып, 2123,6 тонна таштанды калдыктары атайын белгиленген жайларга чыгарылды. 337 даана көрнөк-жарнактар жаңыртылып, калктуу конуштардын ичинде жана башкы жол боюнда өскөн 108341 түп бак-дарактар акталды.

3 айлыктын алкагында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгаруу боюнча комиссия түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгы менен атайын номинациялар уюштурулду.

Жыйынтык:

- «Таза район» — Манас району;

- «Таза айыл» — Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл аймагы;

- «Таза мекеме» — Талас шаардык электр тармактар ишканасы;

- «Таза квартал» — Талас шаарынын №2-3 кварталдар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×