Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Талас

Таласта даракка урунган «Лексустун» айдоочусу ооруканага баруудан баш тартты

Turmush -  Кечээ, 3-июлда Кара-Буура районунун Бакыян айылында унаа кырсык катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 04:00 чамасында Талас–Тараз унаа жолунун 65-чакырымында болгон. «Лексус 470LX» үлгүсүндөгү унаанын (номуру 01KG122) 58 жаштагы айдоочусу А.Ж. башкарууга ээ боло албай калып, унаа жолдон чыгып барып даракка урунган. Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, жабыркаган айдоочуну унаадан чыгырышкан. Айдоочунун абалы жакшы болгондуктан ооруканага баруудан баш тарткан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 478
Көп окулду
×