Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 04.07.2018 10:30

Россиядан Таласка келип, дайынсыз жоголуп кеткен аял жайлоодон аман-эсен табылды

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кара-Коюн жайлоосуна келип жоголуп кеткен россиялык турист аял аман-эсен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Россиянын Санкт-Петербург шаарынан Кара-Коюн жайлоосуна 8 турист эс алууга келишкен. Кечээ, 3-июль күнү саат 16:30 чамасында эс алып жүргөн жеринен 1966-жылы туулган Пригожина М.А. жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 5 куткаруучу жана милициядан 8 кызматкер тартылган. Жоголгон турист саат 23:20 чамаларында Кара-Коюн жайлоосунан аман-эсен табылды.

Милиция эмне дейт?

Талас ОИИБдин маалыматына караганда, кечээ, 3-июлда Бакай-Ата районунун Кара-Коюн жайлоосуна келип жоголуп кеткен россиялык турист аял өз тобуна кошулуп, Сары-Челекке жөнөп кетти.

Маалыматка караганда, кечээ Бакай-Ата РИИБге Россиянын Санкт-Петербург шаарынын тургуну Галина Каровична арыз менен кайрылган. Ал 8 адамдан турган туристтик тайпа Бакай-Ата районунун Беш-Көл жайлоосуна кетип бара жаткан Чийи-Таш өзөнүнөн 1962-жылы туулган М.А.Пригожина дайынсыз жоголуп кеткендигин билдирген. Окуя болжол менен саат 07:00 чамасында болгон. Бакай-Ата РИИБдин өздүк курамынан, ӨКМден, жергиликтүү малчылардан турган 15 адамдык топ куралып, аталган аялды табуу үчүн аракеттерди көрүшкөн. Турист аял саат 23:20 чамасында табылган. Ал туристтик тобуна кошулуп, Сары-Челеке сапар алды.

Анын өзүнүн айтымында, кетип бара жаткан адамдардан адашып, Кара-Коюн жайлоосуна чыгып кеткен. Учурда акыбалы жакшы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×