Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 04.07.2018 20:26

Жаш талант: Бакай-аталык окуучу Н.Раманов Керри Дейлс жөнүндө китеп жазды (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын 14 жаштагы тургуну Нурдатка Раманов «Керри Дейлстин күндөлүгү» аттуу китебин чыгарды. Аймактык кабарчы жаш жазуучу менен таанышты.

Анын айтымында, быйыл 7-классты аяктады.

«Кичинемден адабиятка кызыгам. Коомду жакшы жакка үндөсөм деген максатым бар. Бир кишини үлгү катары алып чыгуу, китеп чыгаруу кыялым 5-классымда жаралды. Китеп Керри Дейлс аттуу киши жөнүндө. Бул кишинин мекени Англия. Бирок редакторлор китептеги тарыхый жылдар туура келбегендиктен шаарлардын аттарын өзгөрт дешкен. Ошондуктан өзгөртүүгө туура келди. Мисалы Мунана — Англия, Швампур — Швецария. Арта — Россия. Керри Дейлс чыгармада ойдон чыгарылган башкы каарман. Ал көп өлкөлөрдүн адамдары менен жакшы мамиледе болгусу келген. Өзүнүн гана эмес, чектеш малекеттердин өнүгүшү үчүн дагы жакшы иштерди алып барууну максат кылган. Ар бир адам өз мамлекети үчүн бардыгына даяр турушу керек. Каармандын образы аркылуу адам үчүн өлкөсүнүн бакубат жашоосу, элдин ынтымагы 1-орунда болуш керек деген ой берилет. Китеп 32 беттен турат. Алгач 300 нуска менен басылып чыкты. Китептин жарык көрүшүнө апамдын, үй-бүлөмдүн мээнети чоң. Келечекте дагы көптөгөн чыгармаларды жаратсам дейм. Азыркы убакта экинчи чыгармам дагы бүтүү алдында турат.

Мектепти аяктагандан кийин Франциядагы Сорбонна университетинде окууну максат кылам», - деди ал.

Жаш жазуучу үй-бүлөдө 3 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×