Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Талас облусуБакай-Ата району 04.07.2018 17:27

Фото — Россиядан Таласка келип, дайынсыз жоголуп кеткен аял табылып, Сары-Челекке сапар алды

Turmush -  Кечээ, 3-июлда Бакай-Ата районунун Кара-Коюн жайлоосуна келип жоголуп кеткен россиялык турист аял өз тобуна кошулуп, Сары-Челекке жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ Бакай-Ата РИИБге Россиянын Санкт-Петербург шаарынын тургуну Галина Каровична арыз менен кайрылган. Ал 8 адамдан турган туристтик тайпа Бакай-Ата районунун Беш-Көл жайлоосуна кетип бара жаткан Чийи-Таш өзөнүнөн 1962-жылы туулган Мария Пригожина дайынсыз жоголуп кеткендигин билдирген. Окуя болжол менен саат 07:00 чамасында болгон. Бакай-Ата РИИБдин өздүк курамынан, ӨКМден, жергиликтүү малчылардан турган 15 адамдык топ куралып, аталган аялды табуу үчүн аракеттерди көрүшкөн. Турист аял саат 23:20 чамасында табылган. Ал туристтик тобуна кошулуп, Сары-Челеке сапар алды.

Пригожинанын өзүнүн айтымында, кетип бара жаткан адамдардан адашып, Кара-Коюн жайлоосуна чыгып кеткен. Учурда акыбалы жакшы.

11111

Окуя тууралуу:

Буга чейин ӨКМ Бакай-Ата районунун Кара-Коюн жайлоосуна келип жоголуп кеткен россиялык турист аял аман-эсен табылгандыгын билдирген.

Маалыматка караганда, Россиянын Санкт-Петербург шаарынан Кара-Коюн жайлоосуна 8 турист эс алууга келишкен. Кечээ, 3-июль күнү саат 16:30 чамасында эс алып жүргөн жеринен 1966-жылы туулган Пригожина М.А. жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 5 куткаруучу жана милициядан 8 кызматкер тартылган. Жоголгон турист саат 23:20 чамаларында Кара-Коюн жайлоосунан аман-эсен табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
35.06% (237)
«Бакай Банк»
33.43% (226)
«Капитал Банк»
10.65% (72)
...
Всего голосов: 676
×