Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 05.07.2018 14:13 Жаңыланды: 07.07.2018 14:21

Айыл турмушу: Кара-бууралык Айсалкын апа 30 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет (фото)

Turmush -  Кара-Буура районундагы Бакыян айылынын 60 жаштагы тургуну Абдыкеева Айсалкын апа 30 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аймактык кабарчы чебер апа менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата айылынын кызы. 1979-жылы Бакыян айылына келин болуп келген. Анын эмгектери 1500 миң сомдон сатылат.

«Чоң энем чебер аял болгон. Балалык кезимден бери кол өнөрчүлүктү көрүп чоңойдум. Чоң энем «өзүң кыз киши болсоң, турмушуңа керек болот» деп жанынан чыгарбай чеберчиликти үйрөттү. Бакыян айылына келин болуп келгени кол өнөрчүлүк менен алек болуп, курак курайм. Сайма сайып, кийим тигип келе жатканыма 30 жылдын жүзү болду. Айыл ичи болгондуктан арзан баага эле буйрутмаларды тигип берем. Эмгегим 250 сомдон 1500 миң сомго чейин бааланат.

Кол өнөрчүлүктүн дагы кыйынчылык жагы бар. Кыйынчылыгы — майда жумуш, көздүн майын алат. Кечке чейин отуруп алып иштейсиң, белиңе күч келет. Кээ бир учурда түндөп да иштеп калган учурлар болот. Ал убакта уктагың келип, көзүң илинип кетет. Бирок акча деген нерсе уктатпайт экен да (күлүп). Ал эми жакшы жагы — бул иш дагы өзүнчө бир кесип. Бир нукка түшүп алып кетсең жакшы натыйжа берет. Чоң-чоң көрсөтмөлөргө да чыгып келесиң. Бирок көрсөтмөгө өзүм чыга элекмин. Эгер чоң эмгек жасасам көрсөтмөгө чыгам деген ниеттемин.

Азыркы учурда келиним менен кызым менин жолумду улап келе жатышат. Кийин неберелерим да уласа деген ойдомун», - деди ал.

Чебер апа 1 уул, 1 кыздын жана 5 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×