Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 05.07.2018 16:30

«Эгиздер»: Айжан түгөйү Гүлжандын паспортун алгандан кийин өзүнүкүн ала албай убара болгон (фото)

Turmush -  «Эгиздер» рубрикасынын кезектеги каармандары — Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айылынын 23 жаштагы тургундары Айжан Алканова менен Гүлжан Алканова. Аймактык кабарчы эгиздер менен таанышты.

Айжан менен Гүлжан Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын эстрадалык вокал бөлүмүндө окушат. Учурда Түркиянын Анталия шаарында эс алышууда.

Айжандын айтымында, түгөйү экөөнүн тең салмагы 2,800 кг болуп төрөлүшкөн.

«Биз кичинекей кезибизде эле аябай окшош элек. Азыркыга чейин үйдөгүлөр да жакшы айырмалай албай келет. Апам бизди чакырганда экөөбүздүн тең атыбызды атайт. Ата-энебиз бизди дайыма окшош кийинтип жүрчү. Биз окшош кийинип, окшош боёнуп жүрөбүз. Ошондой эле чачыбыздын узундугу да бирдей. Көбүнчө "кимиңер Айжан, кимиңер Гүлжансыңар?" деп сурай беришет. Тааныштарыбыз мени тың, түгөйүмдү жоош деп айтып калышат. Көчөгө дайыма окшош кийинип чыккандыктан таң калып карай беришет. Айрым учурда айдоочулар үн менен белги берүүчү баскычты басып өтүшөт. Бири-бирибизден такыр алыс жүргөн эмеспиз. Кайда барсак да ээрчишип жүрөбүз. Ал эми Түркияда эгиздерге өтө чоң маани беришет экен. Биз менен сүрөткө түшкөндөр абдан көп», - деди ал.

Айжан Гүлжан бошобой калганда анын иштерин бүтүрүп берет.

«Гүлжан жалпы жарандык паспорт алуусу керек эле. Ал бошобой калып, ордуна мен бардым. Ага паспорт алгандан кийин кайра өзүмдүкүн да алуум керек болчу. Паспорт берүүчү мекемеге барып сурасам, "жаңы эле келип кетпедиңби" деп өзүмдүн паспортумду бербей коюшкан. Мен эгиздин түгөйү экенимди түшүндүрсөм, кызматкер чоң кылмыш кылганымды айтып, Гүлжандын паспортун өзүмдүкүнө алмаштырып берген. Ушундай эле окуя кан тапшыргандан кийин жыйынтыгын алганы барганда да кайталанган. Мен өзүмдүн жыйынтыгымды алып, сыртка чыгып чачымды жайып, кайра кирип сурасам, унчукпай эле Гүлжандыкын берип койгон. Бирок абдан таң калгам. Мындай учурларда түгөйүмдүн иштерин бүтүрүп берем. Бош убакта бийлеп, ырдайбыз. Бактылуу үй-бүлө курууну, чет өлкөлөрдү кыдыруу кыялданабыз», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 9 бир туугандын бешинчи жана алтынчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×