Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Талас

Жеңеке: Таластык Гүлназ жеңени Америкада жашаган кайын энеси «жаным» деп эркелетет (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Манас айылынын 24 жаштагы тургуну Гүлназ Абдыжапарова жолдошу Султан Жунушалиев менен жеңелери аркылуу таанышып, баш кошушкан. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда Ш.Жуманов атындагы лицей-интернатында биология сабагынан мугалим болуп эмгектенүүдө.

«Өзүм Талас айонуна караштуу Көк-Токой айылынын кызымын. Бишкекте жогорку окуу жайды аяктагандан кийин үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Таласта иштейин деп чечтим. Келип Талас шаарындагы №4 орто мектепте иштей баштадым. Айылга келгенде жеңелер тиги менен тааныштырып, бул менен тааныштырып жаныңды койбойт эмеспи. Жакын жеңем таанышсын деп келечектеги жолдошума менин телефон номеримди берип коюптур. Аны менен таанышып, Таластагы бир ресторардардын биринде тамактандык. 2-3 айдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп калдык. Андан соң салт менен сөйкө салышты. Үлпөт тоюбуз 2015-жылдын 13-октябрына өттү. Кайын атам менен кайын энем Америкада эмгектенишет. Биздин тоюбуз үчүн менен аз убакытка келип, бизди баш коштуруп кайра кетишти. Кайын энемдин деле сабагынан өткөн жокмун (күлүп). Кайын энем өзү аябай ачык, түшүнүктүү адам, мени «жаным» деп эркелетчү.

Балабыз 2016-жылдын 10-октябрында төрөлдү. Азыр 1 жаштан ашып калган учуру. Жолдошум талаа жумуштары менен алектенүүдө. Мен азырынча үйдүн кожойкеси катары баламды тарбиялоо менен алекмин», - деди ал.

Гүлназ жеңе 4 бир туугандын улуусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 889
Көп окулду
×