Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусуТалас району 09.07.2018 12:07

Таластын Козучак айылындагы ФАП көп жылдан бери оңдоло элек (фото)

Turmush -  Талас районунун Козучак айылынын фельдшердик-акушердик пунктунун имараты көп жылдан бери капиталдык оңдоодон өтө элек. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мекеменин мээрман айымы Гүлмайрам Бошкоева билдирди.

«Бул үй-бүлөлүк ФАП 1993-жылы ачылган. Имарат 12 бөлмөдөн турат. Көп жылдан бери айтайын капиталдык оңдоодон өтө элек. Жамгыр жааганда шыптан жамгырдын суулары агып, төшөк-шейшептин барын суу кылат. Кээ бир бөлмөлөрдүн полдору түшөйүн деп калган. Айнектерибиз бир кабаттан эле, суу чыкпайт. Өзүбүз көчөдөгү кудуктан алып келебиз. Кээде ал жактан да чыкпай калган учурда сайдан ташыйбыз. Буга чейин айыл өкмөт «жардам беребиз, суу киргизем, чатырын жаңылайбыз» деген эле. Бирок ушу убакка чейин эч нерсе кылына элек. Өзүбүз жылына бир жолу актап-сырдап турабыз. Азыркы учурда бул жерде 3 медайым, бир санитарка, 1 айдоочуубуз бар», - деди ал.

Бердике баатыр айыл өкмөтү Мүзүрбек Борбашевдин айтымында, ФАПты оңдоо иштери сентябрь айына чейин аяктайт.

«Бердике баатыр айыл өкмөтүндө 3 ФАП жайгашкан. Үчөөндө тең оңдоо иштери жасала элек. Бюджеттен 100 миң сом каралды. 100 миң сом менен сентябрь айына чейин Бердике баатыр айыл өкмөтүндөгү Козучак, Арашан жана Кум-Арык айылындагы ФАПтарга оңдоо иштери жасалып, чатырларын жаңылап, суу чыгарып беребиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×