Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Талас

Киров суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 215 млн метр кубга аз болууда

Turmush -  Быйыл Талас облусундагы Киров суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 215 млн метр кубга азайган. Бул тууралуу Талас облустук бассейиндик суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Болот Батыркулов билдирди.

«Быйылкы жылы суунун көлөмү аз болору алдын ала эле божомолдордо айтылган. Бүгүнкү күндө бул болжол туура чыгып, суу сактагычта суунун көлөмү 215 млн метр кубга аз болууда. Ошондуктан биз дагы Казакстан тарап дагы сууну рационалдуу пайдаланышыбыз керек. Бүгүнкү күндө суу Казакстанга графиги менен берилүүдө», - деди ал.

Ал эми Киров суу сактагычынын жетекчиси Шыгай Момуналиевдин айтымында, быйылкы жылы суу аз болгондуктан Казакстанга график боюнча секундасына 46 куб суу берилүүдө .Ал эми былтыркы жылы суу өз нормасында болуп, секундасына 70 куб суу берилген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 368
Көп окулду
×