Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Ош облусу, Ош 10.07.2018 10:24 Жаңыланды: 10.07.2018 11:26

Айгүл Наватова жетектеген ишкана Ош шаарын көрктөндүрүүнү улантат (видео, сүрөттөр)

Turmush -  Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты Ош шаарын 2017-2020-жылдарда өнүктүрүү программасына ылайык шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу аракетинде. Аталган мекеменин башчысы Айгүл Наватова чарба комбинатынын 6 ай аралыгында аткарган иштери тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

А.Наватованын айтымында, 2018-жылда аткарылуучу иштер аныкталып, жалпы эмгек жамааттын кароосуна коюлуп, аларды ишке ашыруунун зарыл чаралары белгиленген. Жыл башында белгиленген иш-чараларга кетүүчү чыгымдар так эсептелип чыгып, шаардын мэриясына, шаардык кеңештин сессиясына сунушталган.

Муниципалдык ишканада жарым жыл ичинде ай сайын жумушчулар тарабынан 94,41 га жер аянттары, 55 обьект күнүмдүк иш катары тейленип, шаардагы эс алуу, сейил бактар күн сайын эртең менен шыпырылып, тазаланып, таштандылар алынып, иретке келтирилет. Ошондой эле күн жылуу болгон мезгилдерде жолдорго суу себилип, кар жааган күндөрү жол кардан тазаланып, муз болгон аймактар, көчөлөрдүн кесилиштерине 10 тонна туз, 24 метр куб кум себилди. Кар аз түшкөндүктөн 6,9 тонна туз, 21 метр куб тонна кум үнөмдөлдү. Эс алуу жайлардагы тратуарлардагы кар тазаланып, муздар чагылды. Жаш көчөттөрдүн бутактарындагы кар тазаланып, алардын сынып калуусуна жол берилген жок.

Шаардын көчөлөрүнө, эс алуу жайларына гүлдөрдү апрель-май айларында өстүрүү үчүн швейцариялык фирмадан сатылып алынган гүлдөрдүн жана ишкананын жумушчулары топтогон 20 түрдүү жергиликтүү гүлдөрдүн уруктары себилди. Уруктарды себүү иштери 2018-жылдын 10-январынан башталган. Ишкананын адистери гүл отургузулуучу аянттарды тактап, дизайн чийип, жыл ичинде күнөсканаларда 2 млн даана гүлдү 2-3 этап менен отургузуунун чараларын ишке ашырды. 1-июлга карата шаардын эс алуу жайларына, көчөлөрүнө, аянттарга 1302 миң түп гүлдүн көчөттөрү отургузулду. Июнь айы ичинде Пионер, Ленин сейил бактарын көрктөндүрүү колго алынып, ар түрдүү гүлдөрдүн көчөттөрү отургузулду. Учурда отургузулган гүлдөрдүн тутумдуулугун жакшыртуу, алардын кооздугун, көрктүүлүгүн арттыруунун үстүндө тийиштүү уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Ишкананын адистери кийинки жылдарда дарактардын көчөттөрүн сатып алууну кескин кыскартып, аларды ишкананын питомниктеринде өстүрүүнү колго алды. Тактап айтканда, питомниктердин себүү бөлүмүндөгү 10 000 метр куб жерге декоративдүү дарактардын үрөндөрүн, майда көчөттөрдү өстүрүү бөлүмүндөгү 80000 миң куб аянттагы декоративдүү дарактардын жаш көчөттөрү корукка алынып, аларды өстүрүүнүн камын көрүшүүдө. Жалпысынан жазы жалбырактуу дарактардын 15 түрүнүн 50 000 түп көчөттөрү, ийне жалбырактуу дарактардын 3 түрүнөн 15 000 түп, бадалдардын 4 түрүнөн 40 000 түп көчөттөрү өстүрүлүүдө. Кеңеш питомнигиндеги бадалдар басып, пайдаланылбай калган 0,5 га аянт жер тазаланып, колдонууга даярдалды. Бул жумуштарды аткарууда январь айында 15 жумушчу, 2 техника 20 күн иштеди. Ошондой эле чоң арыктын (каналдын) жээгиндеги шире бөлүп чыгарган 5 түп тал, жаш көчөттөрдүн өсүүсүнө көлөкө түшүргөн 10 түп бака терек, 4 түп акчечек (клень) мыйзам чегинде тийиштүү документтердин негизинде түбүнөн кыркылып алынды. Алардын ордуна 50 миң даана дарак жана бадалдардын калемчелери отургузулду. 5 сотых жерге питомниктин күнөсканасында өстүрүлгөн 2000 түп туянын, 3 сотых жерге 1100 түп каштандын, 30 сотых жерге 5500 эмендин майда көчөттөрү көчүрүлдү. Алардын ордуна ишкананын жумушчулары топтогон ак кайыңдын, кипаристин, арчанын уруктары стратификацияланып себилди.

2018-жылы тендер аркылуу сатылып алынган ак кайыңдын 2 жылдык 1860 түп көчөтү отургузулуп, отоо чөптөрдөн арылтылып каралууда. Урицский көчөсүнө, Жибек-Жолу, Раззаков, Т.Сатылганов, Ж.Мамытов, Ленин эс алуу жайларына жана Бакыт үйүнүн, Кыргыз драм театрынын резиденциясынын алдына 650 түп ийне жалбырактуу дарактардын (можжевельник, туя колоновидный), 2489 түп жазы жалбырактуу дарактардын (ак кайың, дуб, клень, ясень, кайрагач ж.б), 37000 түп бадалдардын (свидина, лоб) көчөттөрү отургузулду.

Эс алуу жайларда күн сайын 1008700 метр куб аянт шыпырылып, тазаланып, андан чыккан 2293 м3 таштанды тийиштүү жайларга 4 атайын техника менен жеткирилди. Шаардын негизги көчөлөрү март айынан баштап, күн сайын түнкү саат 02:00дөн баштап 06:30 чейин жуулуп, бул ишке 8 атайын техника тартылды. Парк, скверлердин ичиндеги дарактардын, бадалдардын аралыгындагы жерлер, газондор тырмоо менен таралып, 2610 тонна таштанды чыгарылды. Ошондой эле түнкү чырактарга тоскоол болгон бутак-шактар алынды.

Мындан тышкары комбинаттын 63 жумушчу-кызматкерлерине жеңилдетилген баада, мэриянын каттарынын негизинде 18 жаранга бекер отун түшүрүлүп берилди. Дарактардын түбүнөн өсүп чыккан бутактар ар 20 күндө тазаланууда. Ак-Буура дарыясынын экологиялык абалын туруктуу кармоо үчүн 1 адис 5 жумушчу туруктуу иштешти. Алар дарыянын ичиндеги, эки жээгиндеги таштандыларды колдору менен терип, желим баштыктарга, каптарга топтоп, атайын унаалар менен тийиштүү жайга жеткиришти. Күн сайын 2 кап 20 желим баштык таштанды топтолот. Мындан тышкары жумушчулар Сай-Бою көчөсүндөгү сейил бакты тазалап, Ак-Буура дарыясынын жээктеринде өскөн дарактарды карашты.

Март, апрель, май айларында катуу жааган жамгырдан, селден кийин Ленин, Курманжан датка, Алиев, Моминова, Г.Айтиев көчөлөрү тазаланып, жалпы жарым жыл ичинде арыктардан 2624 м3 таштанды чыгарылды.

Чарба комбинаты 2018-жылдын май-июнь айларында шаардагы жол курулуш башкармалыгы жана башка ишкана-мекемелер, аймактык кеңештер менен биргеликте шаардын көчөлөрүндөгү кооптуу дарактарды алып, жол коопсуздук эрежелеринин белгилерин тосуп, троллейбус электр линияларына тийип же жакындап калган дарактардын бутак-шактарын кыркып, шаардын коопсуздугун камсыз кылуунун үстүндө иштеди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×