Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Талас облусу, Талас 10.07.2018 10:34

Жаш талант: Индирахан менен Нурак шахмат, арифметика боюнча чет өлкөлөрдөгү сынактарга катышууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 10 жаштагы тургуну Индирахан Жаныбекова менен 8 жаштагы иниси Нурак Жаныбеков шахмат жана менталдык арифметика боюнча ийгиликтерди жаратууда. Алардан аймактык кабарчы кабар алды.

Индирахандын айтымында, шахмат боюнча ийримге 7 жашынан тарта катыша баштаган. Быйыл 4-классты аяктады.

«Шахматка болгон кызыгуума ата-энем түрткү болушту. Үйдөн шашки ойногонду жакшы көрчүбүз. Анан иним экөөбүздү шахмат үйрөнсүн деп ийримге алып барышкан. Шахматта дагы ой жүгүртүү керек. 2016-жылы Ысык-Көлдө өткөн шахмат боюнча эл аралык турнирден 1-орунду алгам.

1 жылдан кийин эле менталдык арифметка курсуна бара баштадым. Менталдык арифметика боюнча 2017-жылы Таиландда 24 өлкөнүн балдары катышкан сынакта 2-орунду алгам. 2018-жылы Ысык-Көлдө менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада 1-орунду алдым. Дубайда өткөн сынакта 3-орунду камсыздадым», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле шахмат боюнча мелдеште болгон кызыктуу окуяны айтып берди.

«Оюнда кызыктуу учурлар болот. Анын бири Ысык-Көлдөгү эл аралык турнирде болгон. Анда Кытайдан, Моңголиядан чемпиондукту алып келген балага туш келип утуп алгам. Ошондо бала да, апасы да чычалап, калыстарды ортого салып кайра ойноткон. 1 партия ойноп дагы утуп алгам. Ошондо тиги бала «мен кыздан жеңилдим» деп аябай ыйлаган. Апасы да урушуп алып кеткен», - деди Индирахан.

Иниси Нурактын айтымында, быйыл 2-классты аяктады.

«5 жашымдан баштап шахматка бара баштагам. Эжеме кошулуп менталдык арифметикага дагы барам. 2018-жылы Дубайда өткөн менталдык арифметика боюнча мелдеште чемпион болдум. 6 мүнөттө 80 эсеп чыгар деп берилген. Аны өз убагында бүтүрдүм. 2-турда 40 эсепти 2 мүнөттө чыгарып бүттүм. Быйыл шахмат боюнча эл аралык турнирде 1-орунга ээ бодум.

Келечекте көп тилди окуп, саякатчы болсом дейм. Индирахан дарыгер болсом деп кыялданат. Чоң турнирлерде биз 1 партияны 2 же 3 сааттан ашык ойнойбуз. Бир оюнда атаандашым жүрүш кылып, менин жүрүшүмдү күтүп калды. Мен жүрүшүмдү ойлонгуча ал күтүп отуруп уктап калыптыр. Ошондо калыстар келип ойготуп залдын бардыгы күлгөн», - деди Нурак.

Шахматчы бир туугандардын апасы Наргиза Орозбаева балдары менен күнүгө кечкисин 1,5 саат убакыт отурат.

«Индирахан менен Нурак 4 бир туугандын улуулары. Баланын ийгилиги ата-энеге чоң бакыт. Таланттуу уул-кыздарды колдогон, түшүнгөн жакшы демөөрчүлөр көп болсо деп ойлойм. Шартка байланыштуу кандай гана таланттар ачыкка чыкпай калып жатат. Балдарыма жүрөгү толо ыйман, ден соолук, акыл, ынтымак тилейм», - деди ал.

Таластык окуучулар Дубайдагы арифметика боюнча мелдештен алдыңкы орундарды ээлешти (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×