Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуТалас району 10.07.2018 14:49 На русском

Таластагы көлгө өспүрүм кыз чөгүп кетип каза болду (толукталды)

Turmush -  Бүгүн, 10-июлда Талас районунун Көк-Ой айылындагы Нылды көлүнө 15 жаштагы кыз чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 12:30 чамасында болгон. Издөө-куткаруу иштерине ӨКМдин Талас шаардык №17 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу жөнөтүлгөн. Алар жеткенге чейин кыздын жансыз денесин туугандары алып кетишкен.

Ал эми милициянын маалыматына караганда, Талас РИИБге бул кырсык жөнүндө билдирүү түшкөн эмес.

Өздүк булактардын айтымында, сууга чөккөн кыз чоң адамдардын карамагында эле жүргөн. Алар үй-бүлөсү менен эс алууда жүргөнү айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×