Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусуМанас району 11.07.2018 14:00

Фото — Манастын Жийде айылында Ч.Айтматов согуш жылдарында окуп кеткен мектеп азыр да иштеп жатат

Turmush -  Манас районунун Жийде айылындагы 145 жыл мурда салынган толук эмес орто мектепте жазуучу Чыңгыз Айтматов бир туугандары менен билим алган. Аймактык кабарчы мектептин абалы менен таанышып кайтты.

Мугалимдердин айтымында, мектептин имараты 1873-жылы курулган. Бул жерде жазуучу Ч.Айтматов бир туугандары менен согуш жылдарында (1942-1943-жылдар) билим алышкан. Айтматовдор Жийде айылына атасы Төрөкул Айтматов репрессияланып кеткенде келип туруп калышкан. Жазуучу окуган класста азыр да окуучулар билим алууда.

Жийде айылында жашаган 92 жаштагы Жамал апа Айтматовдор алар менен кошуна болгондугун, жазуучу анын жолдошу Алымбек Садыров менен мектепке бирге барып окуганын кошумчалады.

«Кыйын мезгил өттү. Чыңгыз бизге кошуна тамда жашачу. Бут кийимдери айрылып калганда менин жолдошум экөө бир бут кийимди алмашып кийип окуганы азыр да эсимде», - деди ал.

Айылда Чыңгыз Айтматов бир туугандары менен жашаган үй азыр жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×