Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусуБакай-Ата району 11.07.2018 14:48 На русском

Жубайлар: О.Сыргабеков жубайына турмуш курууну сунуш кылганы барганда адашып кайын эжесине гүл берип, аны өөп алган (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылындагы Айсулуу Бообекова жолдошу Орозбек Сыргабековго турмушка чыгып, жаңы келин болуп келгенде эч кимди тааныбагандыктан өзүнөн кичүүлөргө жүгүнчү. Аймактык кабарчы жаш жубайлар менен таанышты.

Анын айтымында, жолдошу Орозбек Сыргабеков менен Мail.Ru Агент социалдык тармагы аркылуу таанышкан. Кесиби боюнча биология сабагынан мугалим.

«Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылынын кызымын. Жолдошум менен Бишкекте жогорку окуу жайда окуп жатканда социалдык тармак аркылуу таанышкам. 3 ай сүйлөшкөндөн кийин жылдызыбыз келишип, үйлөнүү жөнүндө сунуш киргизди (күлүп). Кыз кылыгы менен деп коет эмеспи, 1 айдай жообун бербей жүрдүм. Акыры аракетин көрүп, макулдугумду бердим. 2014-жылдын 14 февралында баш коштук. Келгенде үйдүн кичүү келини болдум.

Келген күндүн эртеси келиндик кызматты кылып баштадым. Эч кимди тааныбагандыктан кайын сиңдиме, кайын инилериме да жүгүнөр элем. Алар да «кудай жалгасын, көп жаша» деп коюп, өздөрүнчө күлүшчү экен. Азыркы күнгө чейин тамашалап, «жеңе жүгүнбөйсүзбү» деп айтып калышат», - деди ал.

Айсулуу айым 2015-жылдын 23-март күнү жолдошунун туулган күнүндө Сезимай аттуу тун кызын жарыкка алып келген. 2017-жылы 22-августта кайын энесинин туулган күнүндө экинчи кызы Арууке төрөлгөн.

Жолдошу Орозбек мырзанын айтымында, келинчеги менен 1 жума телефон аркылуу сүйлөшүп, кийин бетме-бет жолугушкан.

«Келинчегим менен социалдык тармакта жазышып, акыры телефон номурун алып чалгам. Биринчи жолу үнүн укканда эмнегедир абдан башкача болдум. Мурун деле кыздар менен сүйлөшчүмүн, бирок жубайым башкача сезим калтырган (күлүп). 1 жума телефон менен сүйлөшкөндөн кийин, түн экенине карабай досумду уктап жаткан жеринен ойготуп барып таанышкам. Барып бир көргөндө эле «ушул кызга үйлөнөм» деп чечкем. Сүйлөшүп жүрүп колун сурардын алдында ырымын кылайын деп, гүл көтөрүп турсам үйүнөн бир караан чыгып келе жаткан. Айсулуу экен деп эле бетинен өөп, гүлдү суна калсам эжеси экен (күлүп). Азыр сен болбосоң «эжеңе үйлөнмөкмүн, колун сурап койгом» деп тамашалап калам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×