Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баракелде

Россияда качып жүргөн оор кылмыштарга шектүүлөр кармалды. Арасында аял киши да бар

Turmush -  Кыргызстандын аймагында кылмыш жасап, качып кеткенден бери эл аралык издөөдө жүргөн шектүүлөр кармалды. Аларды издөө иштери ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жана Москва шаары боюнча аймактык бөлүмдөрү менен бирге жүргүзүлдү, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Шектүүлөрдүн бири — Ош облусундагы Өзгөн районунун 1999-жылы туулган тургуну К.И. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүмүндө (каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыш иш үчүн тергөөдөн качып жүргөн жеринен кармалган. Кылмыш иш 2017-жылдын күз мезгилинде Бишкек шаарынын Свердлов РИИБ тарабынан козголуп, камакка алуу чарасы каралган болчу.

Ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунун 1990-жылы туулган А.у.Т. аттуу жашоочусу КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча шектелип, тергөөдөн качып жүргөн. Ал Сокулук РИИБи тарабынан издөөгө алынган.

Ош облусунун 1984-жылы туулган жашоочусу Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин 2-бөлүмү (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу) боюнча шектелип, тергөөдөн качып жүргөн жеринен кармалды. Издөө иши 2016-жылы август айында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан козголгон.

Ош облусунун 1987-жылы туулган А.А. аттуу жашоочусу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүмү (ден соолукка атайылап залал келтирүү) боюнча шектелип, издөөдө жүргөн. Шектүүгө издөө иши 2015-жылы Ош ОИИБи тарабынан жарыяланган болчу.

Ошондой эле оор кылмыш боюнча шектүүлөр кармалды:

- 1979-жылы туулган М.Н. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүндө (адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш боюнча 2017-жылы Ош ОИИБи тарабынан издөөгө алынган;

- Ош облусунун Өзгөн районунун 1988-жылы туулган А.С. аттуу жашоочусу Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинде (зордуктоо) көрсөтүлгөн кылмыш ишти жасагандыгы үчүн 2014-жылы кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи тарабынан издөөгө алынган;

- Москва шаарынан Ош облусунун Ноокат районунун 1965-жылы туулган А.У. аттуу тургуну (аял киши) кармалды. Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүмүнө (ден соолукка атайылап залал келтирүү) боюнча шектелип, издөөдө жүргөн;

- 2011-жылы Ленин РИИБи тарабынан издөөгө алынган Чүй облусунун 1985-жылы туулган Ж.А. аттуу жашоочусу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо) боюнча шектелип, издөөдө жүргөн жеринен кармалды. Ал 2011-жылы Ленин РИИБи тарабынан издөөгө алынган.

Учурда колго түшүрүлгөн шектүүлөрдү Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилип жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1115
Көп окулду
×