Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Талас

Президенттин Таласка болгон иш сапарында милициянын ондогон кызматкерлери тартипти көзөмөлдөдү

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбековдун бүгүн, 12-июлда Талас облусуна болгон иш сапарында тартипти сактоо үчүн милициянын жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ондогон кызматкерлери иштеди. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, президенттин сапары учурунда эч кандай кырдаал жаралган жок.

Окуя тууралуу:

Бүгүн, 12-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна иш сапар менен келген.

Маалыматка караганда, анын иш сапары Талас районундагы «Манас Ордо» комплексинен башталган. Андан кийин өлкө башчысы Талас районунун Таш-Арык айылындагы бала бакчанын курулушу, Тараз—Талас—Суусамыр унаа жолунун оңдоо долбоору менен таанышкан. Президентке жол боюнча маалыматты Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директору Бактыбек Абдиев менен Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов берген болчу.

Президент мындан ары Шекер айылына барып, «Чыңгыз Ордо» музей-комплексинин курулушу менен таанышмак болгон.

Куран белек кылышты:

Сооронбай Жээнбеков андан кийин Кара-Буура районунун Шекер айылына келген.

Маалым болгондой, президент айылдагы «Чыңгыз Ордо» музей-комплексинин курулушу менен таанышты. Президентти парламенттиги депутаттар Рыскелди Момбеков, Зарылбек Рысалиев, Гүлкан Молдобекова жана Алиясбек Алымкулов коштоп келген. Шекерлик тургундар менен жолугушуу учурунда Чолпонбай айылында жашаган айым өлкө башчысына Куран китеп белек кылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1095
Көп окулду
×