Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 26.07.2018 13:55 На русском

Т.Касиев ӨКМдин Талас облусундагы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  ӨКМдин Талас облусундагы башкармалыгынын жетекчиси болуп Талант Касиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июль күнү Талас облусунун жетекчилигинин коллегиясында белгилүү болду.

Маалымат караганда, анын бул кызматка дайындалышы жөнүндөгү тиешелүү буйрук 5-июлда чыккан. Талант Касиев буга чейин Талас облустук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болчу.

Аталган бөлүмдүн буга чейинки жетекчиси Мирлан Карабаев Ош облусундагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө командир болуп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×