Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусу, Талас 27.07.2018 14:55

Айыл турмушу: Таластык мугалим А.Тагайматовага 50 жаш мааракесинде күйөөсү, уулдары унаа белек кылды (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 51 жаштагы тургуну Ашыккал Тагайматова 20 жылдан бери Талас облустук лицей-комплексинде математика сабагынан мугалим болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, математика сабагына окуучу кезинде эле кызыкчу. Райондун, облустун бир катар ардак грамоталары менен сыйланган.

«Жаңы мектепке мугалим болуп келгенде сабагыма 10 агай кирди. Күнүгө 2-3төн сабагыма кирип анализ беришчү. Мен аябай таң калар элем. Көрсө бул да окутуунун бир ыкмасы экен. Ошол агайларыма ыраазымын. Азыр ал агайлардын көпчүлүгүнүн көзү өтүп кетти.

20 жыл ичинде бир топ ийгиликтерге жетиштим. Ар жылы 1-2 окуучум республикалык олимпиадаларга катышып келет. Өзүмдүн эле окуучуларым эмес башка мектептин да окуучулары издеп келип, сабак алышат. Үй тапшырмасын аткарбай келген окуучулардын шылтоолору бир укмуш. «Эмнеге эсепти туура эмес чыгарып келгенсиң?» десем, «эже атамдан сурап келейин» дегендер да болот. Көбүнчө «эже, айтканыңызды класстан түшүнөм да үйгө барганда унутуп коём» дегендери күлкүнү келтирет», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле үй-бүлөсү жөнүндө айтып берди.

«Жолдошум менен чогуу түтүн булантканыма 28 жылдын жүзү болду. Жолдошум кесиби боюнча айдоочу. 2 уулум бар. Экөө тең жогорку билимдүү. Жакында эле 50 жаш мааракемди белгиледим. Бардыгынан кызыгы мага сюрприз кылып атасы балдарым менен «Тойота Пассо» үлгүсүндөгү унаа белек кылышты. Мага күтүлбөгөн жагымдуу белек болду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×