Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Талас облусу, Талас 27.07.2018 16:41

Таласта Австралиядан келген дарыгерлер балдардын ден соолугун текшеришти (фото)

Turmush -  Талас облусунда Австралиядан келген дарыгерлер шал оорусунан жабыркаган балдардын ден соолугун текшеришти. Бул тууралуу Талас облусунун саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Аттокур Шадиев билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер 23-июлдан 25-июлга чейин Талас шаары жана Бакай-Ата райондорундагы балдарды текшерген. 26-27-июлда Кара-Буура жана Манас райондорунда иштешти.

«Бакай-Ата, Талас райондору жана Талас шаарынан жалпы 95 баланы текшеришти. Манас районунун тургундарын бүгүн көрүп жатышат. Эртең, 28-июль күнү түшкө чейин биздин сураныч боюнча кайра Талас шаарынын балдарын көрөт. Андан кийин Ошко кетишет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×