Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусу, Талас 30.07.2018 16:10

Айыл турмушу: Жумгалдык К.Буларов Таласта 100 миң сомдук эмеректерди жасап иштеп жатат (фото)

Turmush -  Жумгал районунда чоңойгон 34 жаштагы Кожомкул Буларов Талас шаарында 15 миң сомдон 100 миң сомго чейин бааланган эмеректерди жасап иштеп жатат. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

- Эмеректи канча жашыңыздан баштап жасай баштадыңыз?

- Эмеректи 23 жашымда жасай баштадым. Кызыгуума эмерек жасаган жерде иштеген акелер түрткү болду. Эмерек менен иштегениме 13 жыл болду.

- Эмеректердин кандай түрлөрүн жасайсыз?

- Өзүмдүн жеке ишканамда эмеректин ар кандай түрлөрүн жасоого буйрутма алам. Ашкана эмерегинен тарта диван, гарнитурларга чейин бардык түрлөрүн жасай берем. Кардарлар кандай эмерек буйрутма берсе да жасоо колумдан келет.

- Эмгектериңиз канча сомго чейин бааланат?

- Баалары сүлөшкөнгө, көлөмүнө жана материалына жараша бааланат. 15 миң сомдон 100 миң сомго чейин болот.

- Канча баланын атасысыз?

- Жубайым экөөбүз 1 уул, 2 кыздын ата-энесибиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×