Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 31.07.2018 12:20

Айыл турмушу: Бакай-аталык Бактыкан апа жолдошу экөө 2 гектар жерди алма бакка айлантып, балдарын иш менен камсыз кылышты (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын 63 жаштагы тургуну Аккайынова Бактыкан апа 2 гектар алма багынан 1 тоннадан ашык алма как алат. Аймактык кабарчы багбан ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, суу жетпеген жерди жашыл чарбакка айлантышкан.

«Бул жер жалпы 13 гектар. 1999-жылдан баштап жашылдандыруу менен алек болуп баштаганбыз. Чарбабызда жүзүмдөн башка биздин аймактын аба ырайына туура келген мөмө-жемиштердин бардыгы өсөт. Анын 2 гектары алма. Жолдошум колунан келген ишинин бардыгын ушул жакта жасады. Жыл сайын колубузга тийген көчөттөрдү отургуза бердик. Алар өсүп калганда көчөттөрдү ыңгайлуусуна алмаштыруу иштерин жүргүздүк. Жалпысынан крипсон, лимонка, апорт сортундагы 400 түптөн ашык алма бар. Жайында быша турган да алмалар бар. Азыр бышып жерге түшкөн алмаларды улам терип, как жасап жатабыз. Биздин чарба дөң жерде жайгашкандыктан суу жетпей абдан кыйналчубуз. Быйылкы жылы жетекчилердин жардамы менен суу кенен болуп, алмалар жакшы түшүм бермек болду

Өзүбүздүн 9 балабыз бар. Ата-эне катары милдетибизди аткарып, аларга шарт түзүп, жумуш менен камсыздайбыз дегенбиз. Айыл жергесинде үй шартында как жасоо оңой. Бирок өрүк какты атайын жабдык жок жасоо мүмкүн эмес экен. Кактын 1 кг дүң баада 60 сомдон бала бакчаларга өткөрөбүз. Жылына 1 тоннадан ашык даярдайбыз. Карылар үйүнө, балдар үйүнө жардам катары да берип келебиз», - деди Бактыкан апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×