Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 31.07.2018 16:01

Бакай-Атада Апрель революциясынын, Баткен окуясынын баатырларына арналган эстелик курулууда (фото)

Turmush -  Бүгүн, 31-июлда Бакай-Ата районунун маданият үйүнүн алдында Апрель революциясынын, Баткен окуясынын баатырларына арналган эстеликке капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Эстеликти куруучу ишкананын жетекчиси Алмаз Жакеевдин айтымында,

«Бул эстеликтин жалпы баасы 500 миң сом болот. Анын курулушун 31-август —Эгемендүүлүк күнүнө карата аяктайбыз деп турабыз. Эстеликтин түзүлүшүн Бакай-Ата районунун архитектору Бакыт Байсалов чийди», - деди ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө баатырларга куран окутулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×