Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусуТалас району 31.07.2018 17:30 На русском

Айыл турмушу: Таластык Зина апа сөөлжандарды багып, чарбагында 1 даанасы 3 кг жеткен сабиздерди өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Талас районунун Көк-Кашат айылынын 65 жаштагы тургуну Шооркулова Зина апа 18 жылдан бери жер семиртүү үчүн атайын сөөлжандарды багат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, убагында сөөлжандардын 0,5 кг 40 сомго сатып алган.

«Мындан 18 жыл мурун айылда жерди кантип семиртүү керектиги жөнүндө окуу болуп калды. Окууга 2 айылдын тургундары катыштык. Окуп үйрөнгөн нерсебизди иш жүзүндө аткарышыбыз керек экен. Мен үйгө келип, атайын суу өтүүчү кичинекей арыктын үстүнөн чуңкурча каздым. Ал чуңкурчага айнек, желим бөтөлкөдөн башка таштандыларды таштадым. Таштандынын ичине атайын сатып келген сөөлжандарды таштап койдум. Аларды 40 сомго сатып келген болчумун. Алар ошол таштандыларды жеп, өздөрү аябай көбөйдү. Таштандыларды нымдуу кезинде жакшы жейт. Ошондуктан үйүлгөн таштандынын астынан суу өтүп туруу керек. Алар жерди жеп, улам жыла берет. Желген жагын өзүнчө алып, электен өткөрүп кардарларга сата берем. Бул топурак жерди абдан семиртет. Эч кандай химикаттар жок натуралдуу семирткич. Топуракты сатып алуучулар ар бир өрөөндөн келишет. 1 кг 250 сомдон сатып киреше табам. Өзүмдүн чарбагыма жыл сайын чачам. Жашылчаларым элдикинен бат түшүм берет. Мисалы быйыл чарбагымда өскөн 1 даана сабиздин салмагы 3 кг болду. 1 баш пияз 1 кг салмакка жетти. 1 жылдык түшүмдү кичинекей чарбактан эле алам. 5 балама бирдей бөлүп берип, кышкы оокатын камдап берем», - деди дыйкан апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×