Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 01.08.2018 16:23

Жаш талант: Кара-бууралык М.Алымбаев ишкерлик кылуу үчүн коёндорду багып көбөйтүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 11 жаштагы тургуну Марлен Алымбаев коендорду багууда. Аймактык кабарчы анын кичинекей чарбасы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл 5-класска көчтү.

«Атам мугалим, бирок азыр дыйканчылык менен алектенет. Апам үйдө бизге карап отурат. Кичине кезимде үйдөгүлөр коён багып, конок келсе коёндун этинен тамак жасашчу экен. Бирок кийинчерээк бакпай калышыптыр. Эмнеге бакпай калышканын сурасам мен төрөлгөндө апам ооруканада болуп, коёндорду эч ким карабай калып, алар тууган бөжөктөрүн жеп койгон экен. Кийин Алтынбек акем туулган күнүмө белек кылып коёндорду алып берген. Ошондон бери коёндорду багып келем. Аларды караган оңой эле. Буларга эртең менен, кечинде суу берип, 4 маал чөп салып турам. 3 күндө 1 маал эшикке чыгышат. Эшикке чыкканда карап турбасам иттер жеп кетет. Жаңы багып баштаганымда өзүмө жаккан коёндорду сыртка алып чыксам бирөөсү качып кетсе итибиз баса калып жеп койгон. Ошондон бери кайтарып турам. Кээде мен эс алганы кеткенде апам же акем карап турушат. Өзүбүз коёндорду союп жебейбиз. Аларды колго үйрөткүм келет.

Азыр чоң 4 коён, 18 бөжөк бар. Жаңы жылда коёндорду сатып баштасамбы деген ойдомун. Чет жактарда балдар сүйгөн кыздарына белек катары коён беришет экен. Азыр атама коёндорду бакканга короо салып бериңиз деп айтып жатам», - деди ал.

Марлен үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×