Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Жеңеке: Таластык Динара жеңе курбусуна телефон чалган жигит менен анын ордуна сүйлөшүп жүрүп баш кошуп калган (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы Чилетирова Динара жеңе курбусуна таанышуу үчүн телефон чалган жигитке турмушка чыгып, бактылуу жашап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Ак-Сай айылында чоңойгон.

«Жолдошум Жакшылык Чилетиров менен менен Таластагы Агрардык экономикалык колледжде окуп жүргөн кезде телефон аркылуу таанышып калдым. Барынан кызыгы ал мени таппай эле, мен аны өзүм таптым десем болот. Жолдошума курбумду телефон аркылуу тааныштырып жатышкан экен. Курбум уялып, «сен мен болуп сүйлөшүп койсоң» деп абдан суранды. Мен бейтааныш адамдар менен бат тил табыша алчумун. Ошентип курбумдун суранычы боюнча мен ага чалып, 1 жума сүйлөшүп жүрдүм. Ал кезде эч ойлонбой, ойноп таанышып койгон элем. Ошентип жолукмай болдук. Биринчи жолугушууга жолдошум келбей койгон. Экинчи жолугушууга кечигип келген. Мен оюмда абдан туруксуз бала экен дегем. Жолугушуудан кийин мага жолдошум тынбай чалып калды. Үйдө уктап жатсам да чалып, «окууга канчада барасың, жеткирип коеюн» деп чала берчү. Көрсө мени биринчи көргөндө эле жактырып калган экен. Ошентип 1 жума эле сүйлөшкөн соң, «апамдар сеникине барат, сөйкө салат. Үйүңөр кайсы жерде?» деп шок кылды. Ошентип 2011-жылы март айында баш коштук», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жолдошу анын билим алышын абдан колдой тургандыгын кошумчалады.

«Жолдошумдун токтоо, сабырдуулугун, ичпей-чекпей ыйман жолунда жүргөнүн баалайм. Урушуп кетсек унчукпай кутулат. Кайра эле «жаным, алтыным жуушадыбы» деп эркелетип, жылуу мамилесин көрсөтүп турат. Ырларымды абдан баалайт. «Сен таланттуу адамсың, окушуң керек» деп колдоо көрсөтөт. Жакында экинчи дипломумду алам. Кесибим бухгалтер-экономистмин. Буйруса юрист адистигин окуп алайын десем колдоп жатат. Мени колдоп, «сен иштешиң керек» деп үйдө отурушумду каалабайт. «Келечекте менин жубайым мэр болот» деп күлүп калат», - деди ал.

Жубайлар 2 уул, 2 кыздын ата-энеси.

Динара айымдын жолдошуна арнаган ыры

Сени ойлоп алып учат жүрөгүм,

Сезимимди тепсеп кетпе чүрөгүм.

Сен деп жашап сени менен өткөргөн,

Унутулбай калса кана күндөрүм.

- - -

Таштабагын бизди жалгыз калтырба,

Алданбагын азгырылба башкага.

Турмуш татаал, жеңип аны жашадык,

Жеңил ойлуу боло көрбө садага.

- - -

Ханым болуп үй-бүлөмдү башкарып,

Вазир болуп сен айтканды аткарып.

Балдарыбыз эрмек болуп жашоодо,

Жашайлычы ушул бойдон сакталып.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 627
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×