Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 01.08.2018 18:29

Бакай-Атада Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси болуп К.Бошкоева дайындалды

Turmush -  Бакай-Ата райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы болуп Бошкоева Каныкей Аскарбековна дайындалды.

Акимчиликтин маалыматына караганда, К.Бошкоева буга чейин аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген. Анын аталган кызматка дайындалышы жөнүндөгү буйрукка 20-июлда кол коюлду.

Билими:

К.Бошкоева 1987-1990-жылдары Талас медициналык окуу жайын аяктаган. Андан тышкары финансы жана кредит багытындагы адистикке ээ. 2001-2007-жылдары Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Социалдык өнүктүрүү институтун аяктаган. Андан кийин Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынан социалдык менеджмент адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу:

1990-жылдан 2004-жылга чейин Бакай-Ата райондук борборлоштурулган ооруканасында, Бакай-Ата райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгында социалдык кызматкер, башкармалыктын бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген. 2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Бакай-Ата райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.

«Социалдык коргоонун мыктысы» төш белгиси баш болгон бир топ сыйлыктарды алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×