Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуМанас району 02.08.2018 09:21 На русском

Видео – Манас районунда Казакстан менен чектешкен талаада кайрадан өрт чыкты

Turmush -  Кечээ, 1-августта Манас районундагы чек арада кайрадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт боюнча маалымат куткаруучуларга саат 17:30да түшкөн.

«Биз Манас районунун Кара-Арча айылынын четинде чек арада чыккан өрткө ыкчам топ менен келдик. Өрттү өчүрүүдө ӨКМден 23 кызматкер, 10дон ашык чек арачы, токой чарбасынан 15 адам иштеди», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Буга чейин ӨКМ 28-июлдан бери Талас облусундагы Алмалуу-Тоодо чыккан өрттү өчүрүү иштери улантылып жаткандыгын кабарлаган.

Маалыматка караганда, бүгүн, 31-июль күнү саат 07:00дө Манас райондук №100 өрт куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу жана токой чарбасынан 12 кызматкер жөнөп кеткен. Ошондой эле саат 10:30да аларга Жайылган айылынан 15 адам кошулду. Казакстан менен чектешкен аймактагы Алмалуу-Тоодо куураган чөп 28-июлда өрттөнүп баштаган. Ошондон бери өрт өчүрүлүп, кайра тутанып жаткан. 29-июлда саат 19:30 өрт толук өчүрүлгөн, бирок 30-июлда түн ичинде кайрадан жанданып, Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 1500 га куураган чөп күйүп кеткен.

Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 18 куткаруучу, токой чарбадан 12 кызматкер тартылып, өрт кечээ, 30-июлда саат 12:10дө толук өчүрүлгөн. Кайрадан саат 19:05те өрт тутанып, Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 100 га куураган чөп күйүп кеткен болчу.

Андан кийин:

Манас районунун акиминин орун басары Замирбек Курманалиев талаада чыккан өрт өчүрүлүп, адамдар күзөттө турушкандыгын билдирген.

«Өрт казак чек арасы менен Кыргызстан чектешкен жерде болуп жатат. Бүгүнкү күндө ӨКМден, биздин адамдар кошулуп 50 адамдай жүрөбүз. Өрттү жок кылып, улам-улам күзөттө турабыз. Учурда өрт жок. Өрт чыккан эле жерде өчүрүү иштери жүрүп жатат», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×