Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Эгиздер: Ширин менен Кыял аз жерден Жеңишгүл жана Майрамгүл болуп кала жаздаган (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында чоңойгон 23 жаштагы Ширин жана Кыял Шамуратбековаларды көпчүлүк эгиз деп ойлобойт. Аймактык кабарчы эгиздерден кабар алды.

Ширин бийкечтин айтымында, Кыялдан 5 мүнөт эрте төрөлгөн. Экөө тең Юридикалык академияны аякташкан.

«Кыял экөөбүз окшош болбогондуктанбы окшош сапаттарыбыз деле жок. Ал мага караганда ак көңүл, тырышчаак жана сабырдуу. Болгонун болгондой кабыл алып, бардык нерсеге чыдамкай. Кичинекей балдарга жакын, аларды жакшы көрүп, жакшы ойнотот. Мен болсо тескерисинче чыдамым жок. Эрке болгондуктанбы көп нерсеге чыдабайм, жиним бат келип кетет.

Биздин эгиз экенибиз сырттан көп байкалбайт. Себеби биздин жүзүбүз көп окшош эмес. Бизди алмаштырып алган учурлар болчу эмес. Көргөндөр «эже-сиңдисиңерби?» деп сурашчу. Мен Кыялдан уулу болгондуктан үйдөгүлөр «Ширин апче» деп тамашалап да коюшат эле. Кичинекей кезибизде жумуш кылганда «муну сен кыласың, муну мен кылам» деп бөлүшүп алчубуз. Өзүбүз окшош кийингенди жактырбайбыз. Эгер окшош кийим экөөбүзгө тең жагып калса ар башка өңдөгүлөрүн алчубуз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле түгөйү экөөнө ысымдарын атасы койгондугун кошумчалады.

«Биз 9-май күнү төрөлгөндүктөн тайнемдер Жеңишгүл, Майрамгүл деп, чоң апабыз Батма, Зуура деп коёлу деп айтышыптыр. Бирок атыбызды Ширин, Кыял деп атабыз койгон. Эң улуу акемдин аты Шаттык, андан кийинки акемдин аты Канат. Учурда Кыял турмушка чыккан. Мен Кара-Буура районундагы үй-бүлөлүк дарыгелер борборунда иштейм», - деди ал.

Эгиздер үй-бүлөдө 6 бир туугандын кичүүсү.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 670
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×