Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 02.08.2018 13:15 Жаңыланды: 28.11.2018 13:00

Жубайлар: Анарбек ата менен Динара апа мугалим болуп иштеп, жүздөгөн балдарды окутушкан (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Сатыкей айылындагы Ниязалиев Анарбек ата менен Ниязбекова Динара апа 47 жылдан бери чогуу түтүн булатып келе жатышат. Аймактык кабарчы жубайлар менен таанышты.

Динара апа: Жолдошум менен Жоон-Дөбө айылында мектепте чогуу эмгектенип жүрүп тааныштык. Кийин 1972-жылы баш кошуп, Сатыкей айылына келин болуп келдим. Эмгек жолумду 1971-жылы Суулуу-Маймак айылындагы Ак-Чий орто мектебинде пионер жетекчиси болуп иштөөдөн баштагам. Андан соң Жоон-Дөбө, Аманбаев айылдарында да башталгыч класстарга билим берип эмгектендим. 1973-жылдан тартып Сатыкей айылындагы мектепте иштедим. Жалпысынан мектепте 41 жыл мугалим болуп иштедим. Мен бүтүргөн класстарым өз балдарымдай болуп калды. Азыркы учурга чейин мени унутпагандарына сүйүнөм.

Анарбек ата: Аскерден келип, 1974-жылдан баштап Жоон-Дөбө айылындагы мектепте эмгектене баштадым. Жоон-Дөбөгө келсем жоро-жолдошторумдун көпчүлүгү үйлөнүп алган экен. Динара менден 6 жаш кичүү эле, көрүп жактырып калдым. Кийин баш коштук. Чогуу жашап жатканыбызга быйыл 47 жылдын жүзү болду. 1998-жылы Сатыкей айылына келип, 8 жыл мектепте директор болуп эмгектендим. Тарых, орус тил сабактарын окутуп, башталгыч класстарга билим бердим. Жалпы 44 жыл мугалим болуп эмгектендим. Жубайым экөөбүз тең мугалим болгонубузга байланыштуу ал менин сөздөрүмдү дайым бөлүп, өз сөзү менен оңдогонду жакшы көрөт (күлүп).

Анарбек ата азыркы учурда 300 түпкө жакын алма өстүрүүдө. Динара апа экөө 1 уул, 6-кыз, 27 небере, 1 чөбөрөнүн ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×