Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусуМанас району 02.08.2018 14:41

Эл ичи — өнөр кенчи: Манастык Ноорузбек көк бөрү мелдеши боюнча президенттик кубокко даярданууда (фото)

Turmush -  Манас районунун Бала-Саруу айылында чоңойгон 23 жаштагы көк бөрүчү Раатбек уулу Ноорузбек Таластын «Бакубат» командасы менен биргеликте президенттик кубокко даярданууда. Аймактык кабарчы спортчу менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, спорт менен машыкканына 6 жыл болду.

«Көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. 2016-жылы көк бөрү боюнча президенттин кубогун уттук. 2017-жылы Нооруздагы мелдешти жеңдик. 9-майда Жеңиш күнүнө карата өткөн турнирден биринчиликти багындырдык.

Ата-бабаларым көк бөрү ойноп келген. Бул оюнга кызыгуум алардан өтсө керек. Ата-энем көк бөрү ойношумду колдоп турушат. 2016-2017-жылдары «Ынтымак» командасында ойногом. Быйыл жаракат, алып ден соолугума байланыштуу ал командада оюн көргөзө албай калдым. Азыркы учурда «Бакубат Талас» командасында ойнойм. Минген атым — Аватар, жетекчим — Азамат Жумаев. Азыркы учурда командабыз менен биргеликте 31-августта өтө турган президенттик кубокко даярдык көрүп жатабыз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле спорттогу кооптуулук жөнүндө айтты.

«Бир жолку оюнда чаап бара жаткан атым чалынып кулап, үстүнөн секирдим. Кулабай бутума туруп калдым. Эгер ошол учурда куласам катуу жаракат алмакмын», - деди ал.

Көк бөрүчү жигит үй-бүлөдө 3 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×