Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Мекендештер: Бакай-аталык З.Курманалиев Москвада 1 жылда 150дөн ашык той башкарат (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында өскөн 36 жаштагы Зарылбек Курманалиев Москвада тамада болуп кызмат көрсөтүп, 1 жылда 150дөн ашык той башкарат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Москвага 2009-жылы барган.

«Москвага жаңы келе жатканда эле кызыктар башталды. Поездден түшүп калсак сумкаларыбыз, документтерибиз калып, артынан унаа менен кубалап жетип алган элек. Москвага келе жаткан учурда такыр той алып барам деген ой жок эле. Кудай насип кылып бул жакта жашаган жаштардын, мекендештердин жакшылыгына күбө болуп, элиме кызмат кылып, тамадалыкты аркалап келе жатам.

Башында той алып барууда кыйынчылыктар болот. Бизде тойлор 1-2 саат кечигип башталат го. Бир жолу бул жакта деле ошондой болот го 1 сааттай кечигип барсам той башталып, коноктор мени күтүп калыптыр. Аябай уялгам. Азыр бир гана Москва шаарында эмес, Самара, Тула, Ростов, Зеленоград шаарларына чейин барып той алып барам. Мени көбү Сапарбек тамада деп таанышат. Бир күндө 1 же 2 тойго жетишип калам. Ар бир тойдо 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин акы алам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жубайын да Москвадан тапкандыгын кошумчалады.

«Азыр эки жаман Москвага келсе чабышып кетишет, эки жакшы Москвага келсе кол кармашып кетишет деген жакшы сөз бар. Жубайым Жылдыз экөөбүз Москвада 2011-жылдын 11-ноябрында (11.11.11) баш кошконбуз. Азыр 2 уулду тарбиялап жатабыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 689
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×