Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Талас облусу, Талас 02.08.2018 20:20 Жаңыланды: 03.08.2018 09:11

Мекендештер: Таластык 19 жаштагы Т.Төлөновдун Москвада грэпплинг, эр таймаш боюнча жараткан ийгиликтери (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 19 жаштагы тургуну Талант Төлөнов Москва шаарында грэпплинг жана эрежесиз эр таймаш боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Москва шаарына 2018-жылдын апрель айында барган.

«Алгач грек-рим күрөшү менен машыга баштагам. Спортко 9 жашымда бир тууган акем алып келген. Өзүмдүн дос балдарым дагы барышчу. Аларга кошулуп мен дагы кызыгып кеттим. Күрөштөн 60 медаль, 80 диплом жана бир нече кубокторум бар. Эң алгачкы жеңишим жаңы машыгып баштаганыма 3 күн болгон соң жаралды. Анда Талас шаарында балдар арасында өткөн турнирде 23 кг салмакта чыгып, 1-орунду алгам. Эң биринчи жеңишим болгондуктан аябай кубангам. Андан кийин Кыргызстандын башка облустарында өткөн мелдештерге катышып, бирде утуп, бирде утулуп калган учурлар болду. Кичинекей кезимде утулуп калганда ыза болуп ыйлачумун (күлүп). Кийинчерээк утулуп калган сайын машыгууну ошончо күчөтүп даярдана баштадым.

2015-жылы Казакстанда, Иран өлкөсүндө өткөн эл аралык турнирлерде 1-орунду ээледим. Машыгууга күнүнө 2 маал убакыт бөлчүмүн. Машыгуу учурунда жаракат алып, колумду, денемди чоюп алган учурлар көп болгон. Бирок ага карабай машыгууну токтоткон жокмун.

Мектептен 8-классты аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы спорт мектебине которулгам. Ал жактан 11-классты аяктагандан соң Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырдым. Бирок кийин белгилүү себептерден окуудан четтетилдим. Андан соң 2018-жылы апрель айында Москва шаарында таксист болуп иштөө үчүн келгем. Бул жактан спортту таштай алган жокмун. Күрөштөгү агайым Замирбек Ахмедов «жакшы күрөшчүсүң, грэпплинге катышып көр» деп калды. Ошентип агайымдын сунушу менен грэпплинг боюнча машыгып баштадым. Бул спорт менен июль айындагы турнирде 65 кг салмакта 1-орунду ээледим. Андан тышкары эрежесиз эр таймашка да катышып, ал жактан дагы жеңүүчү аталдым. Алдыда дагы көбүрөөк машыгып, ийгиликтерге жетип, UFC уюмунун мелдештерине чыккым келет», - деди ал.

Мушкер-балбан жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×