Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Таластагы Алмалуу-Тоодо 5 күн мурун тутанган өрт толук өчүрүлдү

Turmush -  Манас районунун Покровка айыл аймагында 5 күн мурун өрт чыккан Алмалуу-Тоону көзөмөлгө алуу иштери улантылып жатат. ӨКМдин акыркы маалыматы боюнча, 2-август күнү саат 00:00дө өрт чектөөгө алынып, саат 20:30да толук өчүрүлдү.

Министрлик 1-августка карата 1000 га куураган чөп жана бадалдар күйгөнүн билдирди.

Казакстан менен чектешкен аймактагы Алмалуу-Тоодо куураган чөп 28-июлда өрттөнүп баштаган. Ошондон бери өрт өчүрүлүп, кайра тутанып жаткан. 29-июлда саат 19:30 өрт толук өчүрүлгөн, бирок 30-июлда түн ичинде кайрадан жанданып, Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 1500 га куураган чөп күйүп кеткен.

Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 18 куткаруучу, токой чарбадан 12 кызматкер тартылып, өрт 30-июлда саат 12:10дө толук өчүрүлгөн. Кайрадан саат 19:05те өрт тутанып, Алмалуу-Тоонун аймагында болжол менен 100 га куураган чөп күйүп кеткен болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 392
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×