Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Талас

Айыл турмушу: Кичинесинен музыкага жакын өскөн Ырыскелди бир нече аспапта кол ойнотот (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын 23 жаштагы тургуну Ырыскелди Замирбек уулу бир нече музыкалык аспапта кол ойнотот. Кичинесинен обон чыгарууга кызыккан талант менен аймактык кабарчы таанышты.

Ырыскелди 1995-жылы 23-июлда төрөлгөн. Бала кезинен музыкага жакын өскөнүн айткан каарманыбыз ырларга аранжировка жасаганды кыялданчу. Ал мектепте өткөн иш-чараларда ыр аткарчу. Алгачкы жолу 2002-жылы 1-классты аяктап жатканда «Алиппе» майрамында ырдап чыккан.

«Ата-энем да ырга жакын адамдар болгондуктан кичинемден музыка дүйнөсүнө жакын өстүм. Атам Замирбек Жуманалиев көбүнчө ырчы Б.Борбиевдин ырларын уккандыктан менин жүрөгүмө да анын ырлары жакын болчу. Алгач "Өтүнөм" аттуу ырды аткаргам. Андан кийин ошол учурда көп адамдын купулуна толгон Эмил Балтагуловдун "Ичпечи апа" ырын ырдадым. Дал ушул ырлар чыгармачылыкка эшик ачкан. Мектептеги бардык иш-чараларга катышууга аракет кылчумун. Мектептер, райондордун ортосундагы сынактарда алдыңкы орундарды багындырдым», - деди ал.

Каарманыбыз 2013-жылы Бишкек шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине тапшырган.

«Окуу жайга алгач барганда көзүмө баары башкача көрүнгөн. Чоң-чоң залдар, мурда сыналгыдан гана көрүп жүргөн аспаптар. Университетке ийгиликтүү тапшырып, сынактан өткөн соң студенттик күндөр башталды. Окууга өткөнүбүзгө кубанып, сынактан чыккандан кийин жаңы таанышкан 10дон ашык тайпалашым менен борбордук аянтка бардык. Ал жерде кыяк черттик. Студенттик күн дегенде майонез эсиме түшөт (күлүп). Буйрутма менен тойлорго барып ырдап, түнкүсүн уктабай, сабак учурунда уктап калган күндөр болгон. Эртеси агайлардан тил укчубуз. Жыйынтыгында көптөгөн музыкалык аспапта ойногонду үйрөндүм. Ямаха, кыяк, фортепиано черткенди билем», - деди ал.

Ырыскелди үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 595
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×